Эрдоган: " IMECEни 2023-жылдын январында космоско учурабыз"

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Түрксат башкы директорлугунун Гөлбашы кампусунда Түрксат 5Б спутнигин ишке киргизүү аземинде сөз сүйлөдү.

1843122
Эрдоган: " IMECEни 2023-жылдын январында космоско учурабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган: "Ата мекендик жана улуттук байкоочу спутнигибиз IMECEни 2023-жылдын январында космоско учурабыз",- деди.

Эрдоган Түрксат башкы директорлугунун борбор шаар Анкарадагы Гөлбашы кампусунда Түрксат 5Б спутнигин ишке киргизүү аземинде сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган: "Түрк инженерлери тарабынан иштелип чыккан ата мекендик жана улуттук байкоочу спутнигибиз IMECEни 2023-жылдын январында, TÜRKSAT 6A спутнигин болсо 2023-жылдын орто ченинде учурабыз»,-деп айтты.

Эрдоган: "Улуттук Космос программасы менен кургактыкта, деңизде жана аба мейкиндиктеринде болгондой эле космосто да өлкөбүздүн кызыкчылыктарын коргоо биздин ар-намыстуу милдетибиз",-деп билдирди.



Тектеш кабарлар