Түрксат 5B 14-июнда ишке берилет

Караисмаилоглу, 14-июнда ишке бериле турган Түрксат 5Б спутниги тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бул кадам дагы чоң жана сыймыктанган этаптардан кабар берет»,-деди.

1841837
Түрксат 5B 14-июнда ишке берилет

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу Түркиянын Түрксат 5А жана Түрксат 5B деген эки маанилүү спутнигин бир жылдын ичинде космоско жиберген саналуу өлкөлөрдүн арасында болгонун белгилеп: «Спутник жана космостук изилдөөлөр менен Түркияны өз аймагында лидер, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн бирине айлантабыз»,-деди.

Караисмаилоглу, 14-июнда ишке бериле турган Түрксат 5Б спутниги тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бул кадам дагы чоң жана сыймыктанган этаптардан кабар берет»,-деди.

Долбоорлордун жана инвестициялардын басаңдабастан уланып жатканын белгилеген Караисмаилоглу Түркиянын Түрксат 5А жана Түрксат 5Б деген эки маанилүү спутнигин бир жылдын ичинде космоско жиберген саналуу өлкөлөрдүн арасында болгонун белгиледи.

Түрксат 5Б спутнигинин 2021-жылдын 19-декабрында космоско учурулганын эске салган Караисмаилоглу: «Кимдин космосто изи жок болсо, анын жерде күчү жок»,-деген сөз айкашын колдонду.

Караисмаилоглу Түрксат 5Внын 5 айлык сапарынын аягында 17-майда орбитасына жеткенин, аткаруу жана орбиталык сыноолор ийгиликтүү аяктаганын, Түрксат 5Бнын президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда 14-июнда ишке бериле турганын айтты.



Тектеш кабарлар