Президент Эрдоган : "Баары бул улуттун эмне кыла аларын көрөт"

Президент Эрдоган Стамбулда Шейит Мустафа Жамбаз фото сынагынын сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

1841445
Президент Эрдоган : "Баары бул улуттун эмне кыла аларын көрөт"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Эгейде уюштурган Эфес  - 2022  машыгуусу менен дүйнөгө ачык билдирүү бергендигин белгилеп : «Баары бул улуттун эмнелерди кыла аларын көрөт»,- деди.

Президент Эрдоган Стамбулда Шейит Мустафа Жамбаз фото сынагынын сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Түркия  -  Греция линиясында Эгей аралдарынын куралдандырылышы тууралуу чыңалууга токтолгон Эрдоган Грецияны сынга алды.

Грециянын өлкөлөрдү машыгууга катышпоого чакыргандыгын бирок жыйынтык чыкпаганыгын айткан Эрдоган : «Биздин бул машыгуубузга 37 өлкө катышты. Греция булардын жарымына катышпагыла деген кабар жибериптир. Дээрлик баары Грецияны уккан жок. АКШ башта болгон бардык өлкөлөр биз менен машыгууга катышты»,- деди.

Ийгиликтүү аяктаган Эфес- 2022машыгуусу менен Түркиянын Эгейдеги чечкиндүү аракетин дагы бир жолу дүйнөгө көрсөткөндүгүнбаса белгилеген президент : «Бул ийгиликтүү машыгуу зарыл болгон нерсеге керектүү жоопту берүү үчүн абдан пайдалуу кадам болду. Мындан кийин да чечкиндүү түрдө, ишенимдүү кадамдар менен ушул бойдон кетет. Баары бул улуттунэмнелерди кыла аларын кечээки машыгууда көргөндөй эле мындан кийин да көрөт»,- деди.



Тектеш кабарлар