Түркия менен Сербиянын ортосунда өздүк карталар менен өтүү

Түркия менен Сербиянын жарандарынын бул өлкөлөргө өздүк карталары менен кире ала тургандары маалымдалды.

1840841
Түркия менен Сербиянын ортосунда өздүк карталар менен өтүү

Сербия менен Түркиянын ортосунда өздүк карталар менен өтүү режими башталууда.

Серб өкмөтүнүн билдирүүсүндө, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн кол коюлган келишимге ылайык Түркия менен Сербиянын жарандарынын бул өлкөлөргө өздүк карталары менен кире ала тургандары маалымдалды.

Бул режимдин эки өлкөнүн экономикасына да салым кошо турганына көңүл бурулган билдирүүдө, өз ара туристтердин санынын өсүшү күтүлүп жатканы белгиленди.

Түркиянын Белграддагы элчиси Хами Аксой, Серб өкмөтү кабыл алган бул чечимден кийин өздүк карта менен саякаттоо режиминин башталышы үчүн кыска убакыттын ичинде тараптардын ортосунда протоколго кол коюла турганын айтты.



Тектеш кабарлар