Италияда жоголгон тик учакты издөө иштери кайрадан башталды

Италия басма сөзү да издөө – куткаруу иштеринин Модена шаарына жакын Пиевелагонун тоолуу аймагында издөө-куткаруу иштери уланып жатканын жазды.

1841148
Италияда жоголгон тик учакты издөө иштери кайрадан башталды

Кечээ Италияда дайынсыз жоголгон 4сү түрк 7 киши болгон тик учакты издөө иштери кайрадан башталды.

Италиянын Лукка шаарынан учкандан кийин радардан жоголгон, ичинде 4тү түрк 7 жүргүнчү болгон тик учакты издөө иштеринин күндүн чыгышы менен кайрадан издөө иштеринин башталгандыгы билдирилди.

Италия өрт өчүрүү кызматы Твиттерден берген маалыматта Тоскана жана Эмилиа Ромагна аймактарынын ортосундагы тоолуу аянтта издөө иштеринин улантылып жаткандыгын билдирди.

Италия басма сөзү да издөө – куткаруу иштеринин Модена шаарына жакын Пиевелагонун тоолуу аймагында издөө-куткаруу иштери уланып жатканын жазды.

Эжзажыбашы тобу да окуяга байланыштуу билдирүү жасап : «Эжзажыбашы Керектөө буюмдары мекемебизден 4 киши Tissue Italy Network тарабынан уюштурулган кагаз технологиялар жарманкеси үчүн Италиядагы кагаз  өндүрүүчү ишканага баруу үчүн  түшкөн тик учактан кабар ала албадык.

Италиялык учкуч жана ичинде 7 киши болгон тик учактын Луккадан Тревизого баруу үчүн учуп кеткени, бирок Моденанын айланасында радардан жоголгондугу билдирилди»,-деп билдирди.

Фирма маселе менен Италия жана түрк мекемелеринин бирдикте алектенип жатышкандарын билдирди.

Дайынсыз жоголгон тик учак тууралуу Тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Танжу Билгич да маалымат берди.

Билгич билдирүүсүндө буларды айтты: «Кечээ Италиянын Лукка шаарынан учкан жана ичинде 4 жараныбыз да болгон бир тик учак менен байланыш үзүлдү. Италиялык эксперттик топтордун тик учакты издөө жана куткаруу иштери уланууда. Бул аракеттерди Рим элчилигибиз жана Милан башкы консулдугубуз италиян мекемелери менен бирдикте иликтеп жатат.  Бардык жүргүнчүлөр менен экипаждын аман  - эсен табылышын каалайбыз. Коомчулукка абалдар тууралуу маалыматтар берилет».



Тектеш кабарлар