Түркия Казакстанда өткөн элдик добуш берүүнүн пайдалуу болушун каалады

Билдирүүдө Түркиянын Казакстандын ырааттуулугуна жана гүлдөп өнүгүшүнө чоң маани бергени белгиленди.

1838614
Түркия Казакстанда өткөн элдик добуш берүүнүн пайдалуу болушун каалады

Түркия Казакстанда өткөн конституциялык референдумдун чатаксыз жана тынч жыйынтыкталганынын кубандыруучу экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, «Кечээ Казакстанда өткөн Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум казак элинин жогорку кызыгуусу менен тынчтык жана бейпилдик кырдаалында аяктаганы бизди кубандырат»,делди.

Билдирүүдө Түркиянын Казакстандын ырааттуулугуна жана гүлдөп өнүгүшүнө чоң маани бергени белгиленип, «Элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы дос жана боордош Казакстан үчүн пайдалуу болушун каалайбыз. Түркия боордош Казакстандагы реформа процессине колдоо көрсөтүүнү улантат»,деген маалымат берилди.

19 миллион калкы бар Казакстанда кечээ катталган 11 миллион 734 миң 642 шайлоочунун болжол менен 8 миллиону (68 пайызы) «Казакстан Республикасынын Конституциясына өзгөртүү жана толуктоолорду кабыл аласызбы?» деген суроого жооп берүү үчүн шайлоого барды.

Өлкөдө азыркы Конституциянын үчтөн бир бөлүгүн өзгөртүү боюнча жалпы элдик добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча үкөктөн «макул» деген добуш берилди.

Добуш берүүгө келген шайлоочулардын 77,18 пайызы «макул» деп добуш берсе, 18,66 пайызы «каршы» деп добуш берген.



Тектеш кабарлар