ДСУда биринчи жолу «Türkiye» аталышы колдонулду

Түркиянын ДСУдагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн Твиттер эсебинен берилген маалыматта Түркия ДСУнун алкагында уюштурулган «Балыкчылык субсидиялары сүйлөшүүлөрүнө» катышты.

1837773
ДСУда биринчи жолу «Türkiye» аталышы колдонулду

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) чет тилдерде «Turkey» деп колдонулган өлкөнүн атын «Türkiye» деп өзгөрткөндөн кийин, Швейцариянын Женева шаарындагы Дүйнөлүк Соода Уюмунда (ДСУда) биринчи жолу өлкөнүн аталышы «Түркия» деп колдонулду.

Түркиянын ДСУдагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн Твиттер эсебинен берилген маалыматта Түркия ДСУнун алкагында уюштурулган «Балыкчылык субсидиялары сүйлөшүүлөрүнө» катышты.

ДСУнун 12-Министрлер конференциясынын (MC12) алдында өткөрүлгөн сессияда өлкөнүн аталышынын биринчи жолу «Türkiye» деп колдонулганы белгиленди.

Жыйынга Түркиянын ДСУдагы туруктуу өкүлү, элчи Алпарслан Ажарсой да катышты.

Түркиянын өтүнүчүнөн кийин БУУ чет тилдерде «Turkey» деп колдонулган өлкөнүн атын «Türkiye» деп өзгөрттү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Твиттерде Түркиянын бренд баасын көтөрүү үчүн башталган процесстин соңуна чыкканын жана БУУ башкы катчысына жиберген катында өлкөнүн атын БУУда чет тилдерде «Түркия» деп каттатышкандарын жарыялады.



Тектеш кабарлар