Фахреттин Алтун Финляндиянын эң чоң гезити Helsingin Sanomatтын суроолоруна жооп берди

Түркиянын салттуу түрдө НАТОнун кеңейүүсүнө колдоо көрсөткөнүн белгилеген Алтун Финляндия менен Швециянын ыктымалдуу мүчөлүгүнөн тынчсызданганын айтты.

1836592
Фахреттин Алтун  Финляндиянын эң чоң гезити Helsingin Sanomatтын суроолоруна жооп берди

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун НАТОго мүчө болуунун укук эмес, артыкчылык экенине макул болуу керектигин баса белгиледи.

Алтун Финляндиянын эң чоң гезити Helsingin Sanomatтын Финляндиянын НАТОго мүчөлүк талабына байланыштуу суроолоруна жооп берди. 

Түркиянын салттуу түрдө НАТОнун кеңейүүсүнө колдоо көрсөткөнүн белгилеген Алтун Финляндия менен Швециянын ыктымалдуу мүчөлүгүнөн тынчсызданганын айтты.

Түркиянын дүйнөнүн коркунучтуу жана туруксуз бир аймагында орун алгандыгына көңүлдөрдү бурган Фахреттин Алтун сөзүн төмөнкүчө улантты : "Чек ара коңшуларыбыз Ирак жана Сириядан чыккан ПКК жана ДЕАШ коркунучтары бар. Ошол эле учурда 2013 -  жылы Америка элчилигине жан кечтилик кол салган DHKP-C сыяктуу ашыкча солчул уюмдар бар. Акыркы болуп Түркияда  мамлекеттик мекемелердин ичине кирген жана демократияга каршы ыкмалар менен бийликти басып алуу үчүн 2016-жылы төңкөрүш жасоого аракет кылган ФЕТӨ бар. Түрк жарандарын жана Түркиянын коопсуздугун коркунучка сала турган террордук уюмдардын иштерине тоскоол болууда так жана туруктуу кадамдардын ташталгандыгын көрүүнү каалайбыз. Урматтуу президентибиз Финляндиянын мамлекет башчысы менен күтүүлөрүбүз тууралуу ачк жана так түрдө бөлүштү".

Алтун : "Согуш болгон учурда жардам берүүгө убада бере турган өлкөлөрдүн биздин жарандарыбызды бутага алган уюмдарды колдобошун же буларга сабырдуулук көрсөтпөшүн күтүүбүз негизги укугубуз. Хельсинкидеги Сенат аянтында жан кечтилик кол салуу болсо жана бул уюмдун мүчөлөрүнө саясий баш калкалоочу же оппозициячыл мамилесин кылган бир өлкө Финляндиянын мүчөсү болгон бир коопсуздук уюмуна кошулууну кааласа кандай сезимде болот элеңер? Ошондуктан бул маселе биз үчүн принциптүү маселе",- деп баа берди. . 

НАТО мүчөлүгүнүн укук эмес, артыкчылык экенине макул болуу керектигин баса белгилеген коммуникация башкармалыгынын төрагасы : "Бүгүн болуп жаткан маселе Түркиянын Финляндияны түшүнбөгөндүгүнөн эмес, Финляндиянын Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларына олуттуу карабагандыгынан чыгып жатат",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар