Шентоп 1915-жылдагы окуялар тууралуу маалымат берди

Түрк тарых мекемеси 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу Ванда симпозиум уюштурду.

1833171
Шентоп 1915-жылдагы окуялар тууралуу маалымат берди

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Түркия-Армения карым-катнаштарынын нормалдашуусу үчүн бардык тараптарды конструктивдүү болууга жана бул процесске колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Түрк тарых мекемеси 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу Ванда симпозиум уюштурду.

Жыйналышка видеоконференция аркылуу катышкан Мустафа Шентоп Армения менен нормалдашуу процессине токтолду.

Бардык тараптарды конструктивдүү болууга жана Түркия-Армения карым-катнаштарынын нормалдашуу процессине колдоо көрсөтүүгө чакырган Шентоп:«1915-жылдагы окуялардын (армяндардын дооматтарынын тескерисинче) геноцидге эч кандай тиешеси жок»,-деди.

Шентоп: «Бул окуялардын «геноцид» деп аныкталышы үчүн эл аралык укукта каралган шарттардын эч бири жок. Алар өздөрүнүн өткөн тарыхына карап, алар менен эсептешүүнүн ордуна, саясий себептер менен бизди каралоонун жана тарыхыбызды манипуляциялоонун жолдорун издеп жатышат»,-деп айтты.

Армения менен нормалдашуу процессинин аймак үчүн тарыхый мааниге ээ экенин баса белгилеген парламент төрагасы: «Айрыкча диаспорадагы радикал топтордун процесске зыян келтиришине, мамилелерин ууландыруусуна жана Арменияны каратып алышына жол берилбеши керек. Биз бардык тиешелүү тараптарды конструктивдүү иш-аракет кылууга жана сөз болгон процессти колдоого чакырабыз»,-деп өз баасын берди.

Түрк тарых мекемеси тарабынан уюштурулган симпозиумда тарыхта болгон окуялардын кандайча саясатта колдонулуп калганы талкууланды.



Тектеш кабарлар