Түркия Грецияны айыптады
Түркия Грециянын негизсиз сөздөрү менен айыптоолорун четке каккандыгын жана Грециянын түрк аба аянтында эреже бузушун катуу айыптагандыгын билдирди.
Түркия Грециянын негизсиз сөздөрү менен айыптоолорун четке каккандыгын жана Грециянын түрк аба аянтында эреже бузушун катуу айыптагандыгын билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы элчи Танжу Билгич Грециянын "аба мейкиндигин бузуу" тууралуу билдирүүсүнө жазуу түрүндө жооп берди.
Грециянын аба күчтөрүнө таандык Ф - 16 учактарынын 16 - майда Гөкчеаданын батышында, 17 - майда Энезин батышында түрк аба аянтын бузгандыгын белгилеген Билгич түрк аба күчтөрүнүн бул провокациялык эреже бузууларга карата 18 - майда жооп кайтаргандыгын айтты.
Биллигч билдирүүсүндө : " Греция дагы бир жолу өзүнүн провокациялык кыймылдары менен баштаган чыңалууну колдонуу менен эл аралык коомчулуктун кабылдоосун өлкөбүзгө каршы калыптандырууга аракет кылууда. Ушунун алкагында Грециянын тышкы иштер министрлигинин 20 - майдагы билдирүүсүндө өлкөбүзгө карата негизсиз айтылган сөздөр жана айыптоолорду четке кагып, аба мейкиндигибизге карата Грециянын эреже бузууларын катуу түрдө айыптайбыз",- деди.
Билгич мындай окуялардын кайрадан кайталанбашы үчүн Грециянын Эгейдеги провокациялык кыймылдарын акырына чыгарышы жана бир жылдан бери жыйындарга катышуудан качкан жана НАТОнун негизинде баштатылган Ишенимди арттыруучу чаралар процессине олуттуулук менен мамиле кылышы керектигин баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Министр Уралоглу Германияда Өнүгүү жолу долбоорун түшүндүрөт
Эл аралык транспорт форуму (ITF) саммити 22-23-майда Германиянын Лейпциг шаарында өтөт.