Алжирдин президенти Анкарада

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 15-17-майдагы сапардын алкагында Түркия-Алжир Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин биринчи жыйыны Эрдоган жана Теббундун жетекчилигинде борбор шаар Анкарада өткөрүлөт.

1827454
Алжирдин президенти Анкарада

Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Абдулмежид Теббун президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен кечээ кечинде борбор шаар Анкарага келди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 15-17-майдагы сапардын алкагында Түркия-Алжир Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин биринчи жыйыны Эрдоган жана Теббундун жетекчилигинде борбор шаар Анкарада өткөрүлөт.

Вице-президент Фуат Октай менен Теббун эртең Стамбулда боло турган Түркия-Алжир бизнес жана инвестиция форумуна төрагалык кылат.



Тектеш кабарлар