Эрдоган телефондогу дипломатиясын улантууда

Президент Эрдоган БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш,Омандын султаны Хейтам бин Тарик бин Теймур аль-Саид жана Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1820951
Эрдоган телефондогу дипломатиясын улантууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Украинадагы согушка байланыштуу абалдар талкууланган сүйлөшүүдө Гутерриш президент Эрдоганга Москва жана Киев жолугушуулары тууралуу маалымат берди.

Эрдоган телефондук сүйлөшүүдө Түркиянын БУУнун башчылыгындагы Гуманитардык байланыш тобуна да, эвакуация жана гуманитардык жардам темасына да эң мыкты колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Украинаны да, Орусияны да акыл-эс менен жана ынтымакка таянуу менен иш-аракет кылууга үндөй тургандарын белгилеген президент Эрдоган, бул кризистен чыгуу жана тынчтыкты чечкиндүүлүк жана чын ыклас менен орнотуу үчүн аракеттерин уланта тургандарын белгиледи.

Эрдоган сүйлөшүү учурунда БУУнун баш катчысы Гутеррештин туулган күнүн да куттуктады.

Президент Эрдоган Омандын султаны Хейтам бин Тарик бин Теймур аль-Саид менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Ал сүйлөшүүдө Түркия-Оман карым-катнаштарын чыңдоого кадамдар жана аймактык маселелер каралды.

Эрдоган анда Оман менен ар тармакта кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани бергендерин айтты.

Андан соң президент Эрдоган Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Түркия-Катар карым-катнаштары жана аймактык абалдар каралган телефондук сүйлөшүүдө эки лидер Түркия-Катар карым-катнаштары жана аймактык маселелерде жакын кызматташтык жана диалогдо болуу чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилешти.



Тектеш кабарлар