Президент Эрдоган өлкөгө кайтып келди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сауд Арабиядагы жолугушууларын аяктап өлкөгө кайтып келди.

1820771
Президент Эрдоган өлкөгө кайтып келди

 Президент Режеп Таййип Эрдоган Сауд Арабиядагы жолугушууларын аяктап өлкөгө кайтып келди.

Эрдоган Жиддадан менчик учак "TUR" менен Түркия убактысы боюнча саат 02:00дө Стамбул Аратүркт аэропортуна конду.

Президенттин жубайы Эмине Эрдоган, юстиция министри Бекир Боздаг, казына жана каржы министри Нуреддин Небати, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, соода министри Мехмет Муш, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары Бинали Йылдырым,Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Хакан Фидан, президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, президентикттин катчысы Ибрахим Калын,президенттик администрациянын башчысы Метин Кыратлы, президенттиктин жеке катчысы Хасан Доган ошол эле учак менен өлкөгө кайтып келишти.

Президент Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен аэропорттон чыгып, Кысыклыдагы резиденциясына барды.

Эрдоган Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен эки күндүк сапар менен бейшембиде Сауд Арабияга барган.



Тектеш кабарлар