Улуттук тик учактын мотору 2023 – жылы учкуч менен учуу сыноолорун баштайт

ТУСАШ  (TUSAŞ) Мотор өндүрүү акционердик коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору, профессор доктор Махмут Фарук Акшит Эскишехирде басма сөзгө алгачкы жергиликтүү жалпы максаттагы тик учар «Гөкбей» тууралуу   маалымат берди.

1819910

Акшит жергиликтүү жалпы максаттагы тик учар «Гөкбейге» күч бере турган TEI-TS1400 моторунун ТУСАШ  Мотор өндүрүү акционердик коомунда иштеген  инженер – техниктердин продукциясы экендигин айтты.

TEI-TS1400дүн ар кандай сыноолордон өткөнүн баса белгилеген Акшит : «Жакынкы күндөрдө  мындан да  жогорку жана күч талап кылынган баалуулуктарында сыноолорду өткөрөбүз. Сыноолордон кийин Жарандык авиация боюнча башкы директорлуктун учкуч менен учуулар үчүн уруксатын күтөбүз. Ал этапка келгенде  учкуч менен учуу сынагы Гөкбей менен башталат»,- деди.

Мотордун учурда тик учактарды көтөрө турган максималдуу үзгүлтүксүз кубаттуулукту өндүргөнүн баса белгилеген Акшит : «2023-жылдын аягына чейин улуттук тик учагыбызда учкуч менен учууда ийгиликтүү болууну максат кылып жатабыз», - деди.

Тектеш кабарлар