Министр Акар Германияга барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар «Украина үчүн коргоо жана коопсуздук кеңешүү тобунун жыйналышына» катышуу үчүн Германияга барды.

1818564
Министр Акар Германияга барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар 30га жакын өлкөнүн коргоо министрлери катышкан «Украина үчүн коргоо жана коопсуздук кеңешүү тобунун жыйналышына» катышуу үчүн Германияга барды.

Акар алгач Рамштейн түрк улук офицеринин улуттук колдоо бөлүмүн зыярат кылды.

Андан соң жыйын боло турган залга барган министр Акар Украинанын коргоо министри Олексий Резников, Грециянын коргоо министри Николас Панагиотопулос, Тунистин коргоо министри Имед Меммич баш болгон кесиптештери менен сүйлөштү. 



Тектеш кабарлар