Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат

Бир күндө 162 миң 855 тест жасалып, 4 миң 217 кишиде вирус аныкталды.

1814727
Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат

Түркиянын коронавируска (Covid-19/ Ковид-19) каршы күрөшү уланып жатат. Акыркы 24 саатта каза болгон адамдардын саны 23 деп белгиленди.

Бир күндө 162 миң 855 тест жасалып, 4 миң 217 кишиде вирус аныкталды.

Акыркы 24 саатта айыккан кишилердин саны 16 миң 561 болду.

Түркияда ушул убакка дейре биринчи, экинчи жана үчүнчү доза вакцина алгандардын саны болсо 147 миллион 369 миң 656га жетти.



Тектеш кабарлар