Эрдоган өлкөнү аялдарга карата зомбулуктан куткарууда чечкиндүү экендерин айтты

Президент Эрдоган Стамбулдагы Долмабехче кеңсесинде зомбулукка учураган аялдардын жакындары менен ооз ачарда жолугушту.

1813091
Эрдоган өлкөнү аялдарга карата зомбулуктан куткарууда чечкиндүү экендерин айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган мыйзамдык, адилеттик, админситративдик  жана эң негизгиси аң  - сезимди камтыган кенен масштабдуу кадамдар менен өлкөнү аялга карата зомбулук жана аялдардын өлүмү сыяктуу абалдардан куткарууда чечкиндүү экендерин айтты.

Президент Эрдоган Стамбулдагы Долмабехче кеңсесинде зомбулукка учураган аялдардын жакындары менен ооз ачарда жолугушту.

Эрдоган аялдардын цивилизациясында мээримдүүлүктүн, сүйүүнүн жана жан аябастыктын символу экенин баса белгилеп : «Ушундай бир коомдоаялдарга карата кылмыш кантип ушунчалык даражада алдыга чыгып жатат? Башка маселелерде болгондой эле мунун да бир гана себеби караңгылык.Караңгылык бир ганасабатсыздык, университетте билим албагандык деп ойлобоңуздар. Бүгүн өнүккөн, цивилизациялуу, заманбап экендигин айткан батыш өлкөлөрү аялга карата зомбулук жана аялдарды өлтүрүү боюнча тизмеде биринчи орунда турат. Демек билим берүү жана жыргалчылык деңгээлинен башка бир маселе менен бетме- бетпиз. Бул жерде сөз болгон, бизди биз кылган баалуулуктарды, ишеничибизди, цивилизациябызды билбегендиктен келип чыккан караңгылык. Биз аялдаргакарата зомбулуктун булагы болгон бул караңгылык менен күрөшүп жатабыз».

 



Тектеш кабарлар