AKSUNGURдан атылган ок бутасын таамай атты
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.
1811818
Улуттук коргоо министрлиги «Көрүлтүр мекен – 2022» машыгуусунун негизинде AKSUNGURдан биринчи жолу атылган Улуттук акылдуу ок (MAM-L) бутасын ийгиликтүү аткандыгын билдирди.
Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер эсебинен берилген маалыматта : «Көгүлтүр мекен – 2022 машыгуусунун негизинде деңиз күчтөрүбүздүн инвентарына кирген Улуттук учкучсуз учуучу аппарат AKSUNGURдан биринчи жолу MAM-L атылды. Чыгыш Жер Ортолук деңизинде суу үстүндөгү бутаны колдонуу менен ишке ашырылган атуу ийгиликтүү болду»,- деп билдирилди.