Президент Эрдоган Тунисте болгон абалдар тууралуу маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Тунистеги абалдар тууралуу : «Шайлангандар орун алган парламенттин тартатылышы, Тунистин келечеги жактан ойлондуруучу жана Тунис калкынын эркине карата урулган  сокку».

1807057
Президент Эрдоган Тунисте болгон абалдар тууралуу маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Тунистеги абалдар тууралуу : «Шайлангандар орун алган парламенттин тартатылышы, Тунистин келечеги жактан ойлондуруучу жана Тунис калкынын эркине карата урулган  сокку»,- деди.

Президент Эрдоган Тунистеги акыркы абалдар тууралуу пресс  - жыйын өткөрдү.

«Тунисте 2022 – жыл 30 -  мартта Жалпы Кеңештин отурумун өткөргөн Элдин өкүлдөрү парламентинин таратылышы жана отурумга катышкан депутаттар тууралуу териштирүүнүн баштатылышан санааркап жатабыз»,- деген Эрдоган : «Бул абалдар  Тунисте демократиялык мыйзамдуулуктун орношуна карата уланып жаткан өткөөл процессине зыян келтирбейт деп үмүттөнөбүз жана шайлоо үчүн жарыяланган Жол картасынын ишке ашырылышына маани беребиз»,-деди.

Президент Эрдоган : «Өткөөл процесстин улуттук эрктин көрүнүшү болгон парламент баш болгон коомдун бардык катмарлардын кошкон салымы менен кеңири жана мазмундуу диалог менен гана ийгиликтүү боло аларына ишенебиз»,-деп буларга орун берди : «Демократия - бул шайлангандардын жана дайындалгандардын бири   бирине карата урмат  - сыйды камтыган система. Биз Тунистеги окуяларды демократиянын булагы катары көрөбүз. Шайлангандар орун алган  парламенттин таратылышы  өлкөнүн келечеги үчүн ойлонто турган нерсе. Тунис жана Тунис элинин эркине карата сокку болду. Тürkiye катары бул маанилүү процессте дос жана бир тууган Тунис жана Тунис элинин жанында болууну улантабыз».



Тектеш кабарлар