Тürkiye Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте ифтар программасын уюштурду
Тürkiye Республикасынын Бишкектеги Элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчилиги уюштурган жамааттык ифтар дасторкону аялдар жана эркектер үчүн өз-өзүнчө жайылды.
Рамазан айынын биринчи күнүндө Тürkiye Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин борбор калаа Бишкектеги борбордук «Имам Сарахси» мечитинин короосунда массалык ифтар программасы уюштурулду.
Тürkiye Республикасынын Бишкектеги Элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчилиги уюштурган жамааттык ифтар дасторкону аялдар жана эркектер үчүн өз-өзүнчө жайылды.
Шам намазынан кийин убакыт намазын окуган жамаат үчүн мечиттин короосунун эшиктери ачылды.
Ифтар дасторконуна кызыккандарга суу, эттүү палоо, салат, курма, көк алма жана нан тартууланды.
Тürkiye Республикасынын Бишкектеги толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган катышуучуларды Рамазан айы менен куттуктады.
Мечитти президент Режеп Таййип Эрдоган 3,5 жыл мурун кыргыз кесиптеши Сооронбай Жээнбеков менен ачкан.
Тектеш кабарлар
Министр Байрактар кытайлык кесиптеши менен жолугушту
Министр Байрактар жолугушууга байланыштуу билдирүү жарыялады.