Чавушоглу Пакистандын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда Чавушоглу пакистандык кесиптеши Куреши менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1806244
Чавушоглу Пакистандын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши менен Пакистандагы ички саясий окуяларды талкуулады.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда Чавушоглу пакистандык кесиптеши Куреши менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүдө Пакистандагы ички саясий окуялар талкууланды.

Белгилей кетсек бүгүн Пакистанда премьер-министр Имран Хандын өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө добушу өтөт.

Ханга ишеним көрсөтпөө демилгесин өлкөнүн парламенти 28-мартта 161 «макул» добушу менен кабыл алган.

Өкмөт менен өнөктөш болгон партиялардын ишеним көрсөтпөө боюнча оппозиция тарапка өтөөрүн жарыялагандан кийин парламенттеги үстөмдүк оппозициялык блокко өткөн.

Пакистандын Улуттук мажлиси 342 депутаттан турат. Премьер-министр Ханды кызматтан алуу үчүн оппозицияга 172 добуш керек.

Хан кечээ тиешелүү ишеним көрсөтпөө добушуна байланыштуу билдирүүсүн жасап: «(Оппозициянын) мага импичмент жарыялоо аракети Америка Кошмо Штаттарынын биздин (АКШ) ички саясатыбызга ачык кийлигишүүсү болуп саналат»,-деп айткан.

 



Тектеш кабарлар