Фахреттин Алтун Өзбекстан гезитине макала жазды

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун  Тürkiye менен Өзбекстандын ортосундагы бекем жана күчтүү карым  - катнаш түзүүнү максат кылгандарын айтты.

1804494
Фахреттин Алтун Өзбекстан гезитине макала жазды

 Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун  Тürkiye  менен Өзбекстандын ортосундагы бекем жана күчтүү карым  - катнаш түзүүнү максат кылгандарын айтты. Алтун Өзбекстанда чыккан "Халк сүзи" гезитине бир макала жазды. Алтун макаласында акыркы жылдарда Тürkiye  жана Өзбекстандын ортосунда саясий жана экономикалык карым  - катнаштардын ылдам өнүккөндүгүн белгилеп, Өзбекстанды Тürkiyeнин негизги досторунун бири катары көрүшкөндөрүн белгиледи.

Өзбекстан менен Тürkiyeнин  орток бир маданий пайдубалдын  үстүнө күчтүү маданий байланыштарды куруунун, достук карым  - катнаштарды түзүүнүн эң оңой жолу экендигин айткан Алтун президент Режеп Таййип Эрдогандын Өзбекстан менен карым – катнаштарга өзгөчө маани бергендигин жана Тürkiyeнин ушунун негизинде бардык кызматташууларга ачык экендигин белгиледи. Ар бир өлкөнүн чыныгы досторго ээ болушу керектигине басым жасаган Алтун : «Тürkiye менен Өзбекстан мына ушундай бир мезгилде бири бирине ишеним бере турган эки өлкө. Орто Азияда туруктуулуктун символу сыяктуу жаркыраган Өзбекстан Тürkiye үчүн ишенимдүү жана боордош өлкө. Өзбекстандын саясий туруктуулугуна, эгемендик жана коопсуздугуна Тürkiyeдегидей маани бергенибизди белгилегим келет. Өзбек боордошторубуз менен  достугубузду дайыма бекем кармагыбыз келет»,- деди.

Тürkiye  менен Өзбекстандын ортосундагы бекем пайдубалдын үстүнө таза, күчтүү карым  - катнаш курууну максат кылгандарын белгилеген Алун : «Бул үчүн оболу  түздөн түз байланыш жана өз ара аракеттенүү каалгаларын акырына чейин ачуу керек. Өзбекстандын үнү Tüekiyeден, Tüekiyeнин үнү Өзбекстандан ортомчусуз угулушу керек. Диалогубуз  коомдор арасындагы карым  - катнашка негизделиши керек»,- деди.



Тектеш кабарлар