Түркия Эфиопиядагы ок ​​атышпоону кубаттады

Эфиопия өкмөтү, ички кагылышуудан жапа чеккен жана жер которгондорго тезирээк жардам берүү үчүн кечээ Тиграй аймагында бир тараптуу ок атышууну токтотууну жарыялаган болчу.

1801828
Түркия Эфиопиядагы ок ​​атышпоону кубаттады

Түркия Эфиопия өкмөтү кечээ жарыялаган мөөнөтсүз гуманитардык ок ​​атышпоого канааттанганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Биз ок атышпоо жарыясын жаңжалга чечүүчү жол табуу жагынан туура багыттагы кадам деп эсептейбиз жана анын жыйынтыгында туруктуу тынчтык болушун күтөбүз»,- деген сөздөр камтылды. 

Билдирүүдө: "Гуманитардык жардамдын Тиграйга жана муктаж болгон бардык аймактарга үзгүлтүксүз жеткирилиши каалайбыз",-деп айтылды.

Эфиопиянын өкмөтү, ички кагылышуудан жапа чеккен жана жер которгондорго тезирээк жардам көрсөтүлүшү үчүн кечээ Тиграй аймагында бир тараптуу ок атышууну токтотууну жарыялаган болчу.

2020-жылдын ноябрынан бери Эфиопияда армия менен козголоңчу Тиграй Элдик боштондук фронтунун (TPLF) ортосунда уланып келе жаткан кагылышуулар чоң гуманитардык кризиске алып келди.

Тиграйдын коңшу аймактарына да жайылган кагылышууларда болжол менен 2,5 миллион адам жер которду. 



Тектеш кабарлар