Алтун:« F-35 согуштук учактары менен Patriot батареялары Түркияга эч кандай шартсыз берилиши керек»

Американын Wall Street Journal гезити үчүн макала жазган Алтун, CIA (АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги) мурдагы директору, Орусия жана Евразия боюнча эксперт Пол Колбе жазган «Түркиянын орус ракеталары Украинаны коргой алат» деген макалага баа берди.

1801250
Алтун:« F-35 согуштук учактары менен Patriot батареялары Түркияга эч кандай шартсыз берилиши керек»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун F-35 жана Патриоттордун Түркияга эч кандай шартсыз берилиши керектигин баса белгиледи.

Американын Wall Street Journal гезити үчүн макала жазган Алтун, CIA (АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги) мурдагы директору, Орусия жана Евразия боюнча эксперт Пол Колбе жазган «Түркиянын орус ракеталары Украинаны коргой алат» деген макалага баа берди.

Колбе макаласында, «АКШ Түркиянын колундагы С-400 ракетадан коргонуу системаларын Украинага орус согуштук учактарына каршы жөнөтүшүнө жардам бериши керек. Анын ордуна түрктөргө жаңы альтернатива сунуштоо менен F-35 ташууну башташы керек. Бул да АКШ-Түркия карым-катнаштарынын жакшырышына жардам берет»,деген сөздөрдү жазган.

Алтун болсо сөз болуп жаткан макалага жооп иретинде жазган макаласында төмөнкүдөй сүйлөмдөрдү жазып: «Колбе мырза Түркиянын Украинага орусиялык С-400 абадан коргонуу системасын жиберүүсү керектигин жактайт. Бүгүнкү күндө өтө реалдуу болбогон бул идея Түркиянын акыркы мезгилдеги көйгөйлөрүн Батыш менен талкуулоого мүмкүнчүлүк берет»,-деди.

Фахреттин Алтун Түркиянын Орусиядан С-400 сатып алуу чечимине байланыштуу АКШнын бардык билдирүүлөрүндө «Түркия алгач АКШ менен жолукканын, бирок АКШнын Patriot системасын сатуудан баш тартканына» көңүл бурду.

НАТО союздаштарынын коргонуу кызматташтыгынын саясатташтырылышы Түркияны жаңы инвестицияларга түрткөнүн белгилеген Алтун:«Түркиянын саясий себептерден улам F-35 программасынан мыйзамсыз «чыгарылышы» билдирүүлөрдү олуттуу кабыл алууну кыйындатат. Ошол эле учурда Түркия Батыштын муну болтурбоо аракеттерине карабастан Украинанын инвентаризациясынын бир бөлүгү болгон «Байрактар» куралдуу учкучсуз учуучу аппаратын долбоорлоду жана чыгарды»,-деди.

Фахреттин Алтун Түркия менен карым – катнаштарды жөнгө салуу Батыштын жана өзгөчө АКШнын жоопкерчилиги экенин баса белгиледи.

Алтун:«Колбе мырзанын С-400 аргументин иштеп чыгуу үчүн Батыш эмне кылышы керек, бул F-35 согуштук учактары менен Patriot батареяларын Түркияга эч кандай шартсыз жеткирүү менен болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар