Мариуполдогу түрктөрдү эвакуациялоо

Мариуполдон түрк жарандарын эвакуациялоо иштери уланууда.

1797825
Мариуполдогу түрктөрдү эвакуациялоо

Орусиянын 24-февралда Украинага баштаган кол салуусунун себебинен Мариупол шаарынан чыга албай калган түрк жараны жана жакындарынан 65и эвакуацияланды.

Мариуполь шаарындагы «Кануни Султан Сүлейман» мечитинин коомдук бирикмесинин башчысы Исмаил Хажыоглу, Мариуполдогу мечит, баш калкалоочу жай жана үйлөрдөн чыга албай калган түрк жарандары менен айрым туугандарынын кечээ шаардан эвакуацияланганын билдирди.

Түрк жарандарын жана алардын жакындарын алып кетүү үчүн бөлүнгөн автобустардын Орусиянын кол салууларынан улам кечээ да Мариуполго кире албаганын белгилеген Хажыоглу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин, Кануни Сулейман мечити жана ал жактагы түрктөргө зыян келтирилбеши үчүн Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жибергендигин айтты.

Хажыоглу: «Ошол себептен мечит жайгашкан аймак бомбаланган жок. Унаалары барлар "Сулейман" мечити жайгашкан аймакты пайдаланып шаардан чыгып кетишти. Бүгүн (кечээ) Мариуполдон чыккан түрк жарандарынын жана жакындарынын саны 65ке жетти»,- деди.

Мариуполдон эвакуациялангандардын Запорожьеге барганын белгилеген Хажыоглу, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Мариуполдо калган 87 түрк жараны жана алардын жакындарынын чыгарылууга аракет кылынганын айтты.



Тектеш кабарлар