Акар Хасанов, Шойгу жана Резников менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу, аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашылды.

1794406
Акар Хасанов, Шойгу жана Резников менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү
Akar-Şoygu
Akar- Hasanov
Oleksiy Reznikov.JPG

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Азербайжандын коргоо министри генерал Закир Хасанов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу, аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашылды.

Хулуси Акар орус жана украин кесиптештери Сергей Шойгу жана Алексей Резников менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Андагы сүйлөшүүлөрдө Украинадагы акыркы окуялар талкууланды.

Шойгу менен болгон сүйлөшүүсүндө министр Акар Орусиянын портторунда күтүп турган жарандык кемелердин Түркияга аман-эсен жетүүсү үчүн берилген колдоонун маанилүүлүгүн жана эвакуациялар үчүн гуманитардык коридордун ачылышынын маанисин баса белгилеп, мындан ары да өлүмдөрдүн алдын алуу үчүн чукул ок атышпоо зарылчылыгын баса белгиледи.

Акар айрыкча гуманитардык жардамга ар кандай колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жаткан Түркиянын аймакта тынчтыктын камсыздалышы үчүн мурда кылгандай өз милдетин аткарууга даяр экенин билдирди.

Акар Резников менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө адам өлүмүнүн көбөйбөшү үчүн ок атышпоонун тез арада жарыяланышынын жана жарандардын эвакуацияланышы үчүн гуманитардык коридорлорду ачык кармоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Акар дагы бир жолу Түркиянын Украинага гуманитардык жардамдын жеткирилиши жана тынчтыктын орношу үчүн өз милдетин аткарууну уланта турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар