Лавров Байрамов жана Педерсен менен жолугушту

Лавров Анталья дипломатия форумунун алкагында жолугушууларды өткөрдү.

1793890
Лавров Байрамов жана Педерсен менен жолугушту

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Антальяда жолугушту.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Анталья дипломатия форумунун-2022 алкагында кечээ жолугушкан Лавров менен Байрамов, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чек араны аныктоо процессинин башталышы, аймакта экономикалык жана транспорттук байланыштардын түзүлүүсү жана гуманитардык жардам темаларын талкуулашты.

Жолугушууда Түштүк Кавказга байланыштуу 3+3 (Азербайжан, Армения, Грузия жана Түркия, Орусия, Иран) кызматташтык платформасынын экинчи жыйынынын эң кыска мөөнөттө өткөрүлүшү боюнча макулдашылды.

Лавров Антальяда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен менен да жолугушту.

Жолугушууда Сириядагы саясий процесстерге жана Сириянын Конституциялык комитетинин ишине байланыштуу маселелер талкууланды.



Тектеш кабарлар