Эрдоган-Трюдо сүйлөшүүсү
Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.
1790364
Президент Режеп Таййип Эрдоган Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө аймактык маселелер жана акыркы абалдар, анын ичинде Орусиянын 24-февралдан бери уланып жаткан Украинага кол салуусу каралды.
Президент Эрдоган Сербиянын президенти Александр Вучич менен да телефон аркылуу сүйлөштү.
Анда Орусиянын Украинага кол салуусу баш болгон аймактык маселелер жана Түркия-Сербия карым-катнаштары каралды.
Президент Эрдоган Вучичти туулган күнү менен куттуктады.