Кысыктар аскердик кемелерге жабылды

Мевлүт Чавушоглу : "Кара деңизге жээктеш болгон жана жээктеш болбогон бардык өлкөлөрдү кысыктардан аскердик кемелерин өткөрбөө тууралуу эскерттик",- деди.

1787279
Кысыктар  аскердик кемелерге жабылды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : "Кара деңизге жээктеш болгон жана жээктеш болбогон бардык өлкөлөрдү кысыктардан аскердик кемелерин өткөрбөө тууралуу эскерттик",- деди. 

Борбор шаар Анкарада маалымат берген Мевлүт Чавушоглу 1936 -  жылы кол коюлган Монтре кысыктар келишиминин иштеп жаткандыгын кайталады. Тышкы иштер министри : "Түркия согушка катышпаса, согушкан өлкөлөрдүн кемелерин кысыктан өткөрбөгөнгө укугу бар. Аскердик кеме Кара деңиздеги базасына кайта турган болсо өтүүгө тоскоол болунбайт. Монтре келишиминин жоболорун ишке ашыруудабыз",- деди. 

Чавушоглу ушунун алкагында Кара деңизге жээктеш өлкөлөрдү Стамбул жана Чанккале кысыктарынан аскердик кемелерин өткөрбөөлөрү боюнча эскерткендерин белгилеп : "(Россия жана Украина) Эки өлкөдөн да ушул кезге чейин өтүү талабы келген жок", - деди.

Министр Чавушоглу мындан мурда берген маалыматында  Украинада 24 - февралда башталган орус армиясынын позициясынын «операциядан согушка айланганын» айткан.

Бир тараптан Чавушоглу америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшүп,   эки министр Украинадагы абалды сүйлөшүштү.

Америка Кошмо Штаттарынын Тышкы иштер министрлигинен эки министрдин сүйлөшүүсүнө байланыштуу берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Блинкендин Түркиянын Монтре конвенциясын улантуусу жана министр Чавушоглунун бул темадагы акыркы билдирүүлөрүнөн ыраазы болгондугу белгиленип : "Министр өзгөчө Түркияга Украинанын коргонуусуна, эгемендиги жана жеринин бүтүндүгүнө берген күчтүү колдоосу үчүн ыракмат айтты",- деп билдирилди. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар