Түркия - Армения нормалдашуу процесси

Элчи Сердар Кылыч менен Армениянын атайын өкүлү Рубин Рубинян бүгүн Австриянын борбор шаары Венада жолугушту.

1784642
Түркия  -  Армения нормалдашуу процесси

Түркия менен Армения мамилелерди алдын ала эч кандай шартсыз толук нормалдаштырууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашканын кайталашты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркиянын Армениядагы атайын өкүлү, элчи Сердар Кылыч менен Армениянын атайын өкүлү Рубин Рубинян бүгүн Австриянын борбор шаары Венада жолугушканы маалымдалды.

Билдирүүдө, Москвадагы биринчи жолугушууда айтылгандай сүйлөшүүлөрдүн түпкү максатынын Түркия менен Армениянын ортосунда толук нормалдашууну камсыз кылуу экени белгиленди.

Билдирүүдө : "Бул алкакта (тараптар) жасалышы мүмкүн болгон конкреттүү кадамдар боюнча пикир алмашышты жана процессти алдын ала эч кандай шартсыз улантууга макул экендигин кайталашты",- деп маалымдалды. 

Түркиянын Армениядагы атайын өкүлү Кылыч менен Армениянын атайын өкүлү Рубинян 14 - январда Россиянын борбор шаары Москвада жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштарды нормалдаштыруу маселесин талкуулашкан. 

 

 



Тектеш кабарлар