Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия - Сенегал бизнес форумунда сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Африкалык боордошторубузга келечекти бирдикте курууну сунуш кылам".

1782513
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия - Сенегал бизнес форумунда сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Африкалык боордошторубузга келечекти бирдикте курууну сунуш кылам",- деди. 

Расмий сапар менен Сенегалга барган президент Эрдоган Түркия  -  Сенегал бизнес  форумунда сөз сүйлөдү. 

Түркия менен Сенегалдын ортосундагы аралыктын алыстыгына карабастан ар дайым абдан жакын болгондугун белгилеген Эрдоган, Батыш Африкада негизги орунда турган Сенегал менен болгон карым  –  катнаштардын мыкты жүрүшүнөн ыраазы экендерин айтты.

Түрк курулуш компанияларынын Африка континентинин төрт тарабындагы бардык кыйынчылыктарга карабастан ийгиликтүү долбоорлорго кол койгондугун баса белгилеген Эрдоган бул долбоорлордун жергиликтүү жумуш менен камсыз кылууну колдоо менен  өнүгүүгө жана инфраструктура мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошкондугун белгиледи. 

Өзгөчө «Өнүгүп келе жаткан Сенегал планында» түрк фирмаларынын активдүү роль ойногонуна  сыймыктанышканын белгилеген Эрдоган, бул фирмалардын Дакар аэропорту, Дакар спорт комплекси, Дакар Экспо борбору жана эл аралык базар, жүк ташуучу унаа паркы сыяктуу чоң долбоорлорду ийгиликтүү аяктагандыгын эске салды. 

Президент Эрдоган : «Үчүнчү миң жылдын Африка доору болорун эске алып, биз азыртан баштап мыкты даярданышыбыз керек. Африкалык боордошторубузга келечекти биргелешкен тажрыйбабыздын негизинде бирге курууну сунуштайбыз»,- деди. 

Андан кийин президент Эрдоган менен Сенегалдын президенти Макки Сал президенттик сарайда жекеме  - жеке сүйлөшүү өткөрүштү. Сүйлөшүүдөн кийин келишимдерге кол коюу аземи өткөрүлүп, лидерлердин алдында эки өлкөнүн ортосунда 5 келишимге кол коюлду.  

 

 

 



Тектеш кабарлар