Ибрахим Калын Германиянын Die Welt гезитине билдирүү жасады

Калын: «Орусияга каршы санкциялардан майнап чыкпайт. Жөн гана көйгөйлөрдү кечеңдетесиз».

1782232
Ибрахим Калын Германиянын Die Welt гезитине билдирүү жасады

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Украина кризисине байланыштуу Батыштын Орусияга каршы санкцияларынын пайдасы жок экенин, көйгөйлөрдү гана кечеңдете турганын айтты.

Ибрахим Калын Германиянын Die Welt гезитине билдирүү жасап: «Орусияга каршы санкциялардан майнап чыкпайт. Жөн гана көйгөйлөрдү кечеңдетесиз. Берки тарапты угуп, алардын стратегиялык кооптонуусун түшүнүү жакшырак»,-деди.

Калын, Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун кайсы жеринде деген суроого, 21-кылымда жаңы кыйынчылыктардын болуп жатканына көңүл буруп: «Ошондуктан эки тарап тең өздөрүн коопсуз сезе турган жаңы эрежелерди жана принциптерди түзүшүбүз керек. Бул Орусиянын ар бир өтүнүчүнө жооп бериш керек дегенди билдирбейт, бирок орустарды угуш керек»,-деп айтты.

НАТОнун дүйнөдө эң ийгиликтүү жана эң маанилүү аскердик биримдик экенин баса белгилеген Калын: «Биз (НАТОнун) негизги мүчөсүбүз. Бирок бул Борбор Азия, Кавказ, Жакынкы Чыгыш, Африка сыяктуу башка альянстарга катышпайбыз же Орусия жана Кытай менен жакшы мамиледе болбойбуз дегенди билдирбейт»,-деди.

Катчы Калын тышкы саясатка 360 градустук көз караш менен карагандарын айтып: «Бизге кайрылгандардын эч кимин артка кайтарбайбыз. Аймагыбыз бизди муну аткарууга мажбурлап жатат, бирок ошол эле учурда жардам берүүдө. Албетте бул бардыгын макулдашып алышыбыз керек дегенди билдирбейт. Жада калса Орусия менен да. Крымдын аннексияланышын тааныбайбыз. Сириядагы саясатын жана Ливиядагы Вагнер аскерлерин колдобойбуз бирок ошол себептен дароо эле бири-бирибиз менен согушууга мажбур эмеспиз»,-деп баа берди.

Германиянын Европанын эң маанилүү өлкөсү экенин белгилеген Калын, бирок (Түркия-Германия) карым-катнаштардын учурда кааланган деңгээлде эмес экенин билдирди.

Калын эки өлкөнүн ортосунда эбегейсиз чоң потенциал бар экенине басым жасап: «Биргеликте биз көп нерсеге жетише алабыз. Стратегиялык кызыкчылыктарыбызды жана тарыхый көз караштарыбызды реализациялоого көбүрөөк көңүл буруубуз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар