Профессор Азиз Санжар Түркияда студенттер менен жолугушту

Жаштар жанаспорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу менен Нолбель сыйлыгынын ээси, түрк илимпоз, профессор доктор Азиз Санжар жаштар менен жолугушту.

1781359
Профессор Азиз Санжар Түркияда студенттер менен жолугушту

 Нобель сыйлыгынын ээси түрк илимпоз, профессор доктор Азиз Санжар : "Түркиянын бир бөлүгүмүн. Европага, Америкага, Японияга барышыңар мүмкүн бирок түрк экениңерди унутпагыла»,- деди.

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу менен Нолбель сыйлыгынын ээси, түрк илимпоз, профессор доктор Азиз Санжар жаштар менен жолугушту.

Министрликтин борбордук имаратында болгон жолугушууга түрдүү университеттерден 43 студент катышты. Бул жерде сөз сүйлөгөн Азиз Санжар Мардинде туулгандыгын жана башталгыч класстан университетке чейин Түркияда билим алгандыгын баса белгилеп, жаштарга төмөнкүчө кайрылды : «Түркияда мыкты билим алсаңар болот. Түркияда абдан жакшы университеттерибиз бар. Мен Түркияда мыкты билим алдым. Мен окуган учурда Түркияда жогорку деңгээлде билим алуу кыйын болчу. Билим алууну  Түркияда үйрөндүм. Бардык тармакта абдан мыкты илимпоздорубуз бар. Алардан билим алсаңар болот. Өлкө тышына чыгууну, өлкө тышында билим алууну сунуш кыла алам бирок Түркияны унутпагыла. Түркияга карызыбыз бар бирок бул карыз да эмес. Түркия менин жүрөгүмдө. Дүйнөнүн кай жерине барбайын Түркия менин жүрөгүмдө. Силер да ушундай ойлоносуңар деп ойлойм. Европага, Америкага, Японияга барсаңар болот бирок түрк экениңерди эч качан  унутпагыла».

Түрк дүйнөсүнө маани берилиш керек экендигин да баса белгилеген Санжар : «Түрк дүйнөсү бар, бир гана Түркия эле  эмес. Алар бизге карашат. Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан... Орто Азия түрк мамлекеттери да бизге карашат. Аларды да унутпагыла, алар менен кызматташуу түзө турган болсо түрк дүйнөсү, дүйнөнүн эң күчтүү уюлдарынын бири боло алат»,- деди.



Тектеш кабарлар