Эрдоган 1915 Чанаккале көпүрөсү тууралуу маалымат берди
26 - февраль күнү көпүрөнүн ачылуу аземи өткөрүлөт.
Президент Р. Т. Эрдоган 26 - февралда ачыла турган 1915 Чанаккале көпүрөсү тууралуу маалымат берди.
Соцтармактан маалымат берген Эрдоган : "1915 Чанаккале көпүрөбүздө иштеген, көпүрөнүн курулушунда чоң салым кошкон жаштарыбыздын кубанычын бөлүштүк. Азыртадан өлкөбөздүн символу болгон бул көркөмдүү чыгарманын ачылышын 26 - февраль жума күнү бирдикте ишке ашырабыз",- деди.
Эрдоган видео бөлүшүүсүндө Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун телефонунан жумушчуларга : "Барына чын жүрөктөн саламымды билдириңиз. Буюрса ишемби күнү бул көркөмдүү чыгарманын ачылышын ишке ашырабыз. Бул ишти аткарган фирмаларга жеке өзүмдүн, элимдин атынан чын жүрөктөн саламымды айтамын. Саламатта болуңуздар",- деп айтканына да орун берди.
Тектеш кабарлар
Грециянын премьер-министри эртең Түркияга келет
Президент Режеп Таййип Эрдоган Мицотакисти борбор шаар Анкарада кабыл алат.