Режеп Таййип Эрдоган : "Өлкөбүздүн экономикасын өстүрүү жолунда чечкиндүү бара жатабыз"

Президент Эрдоган "Түркия экономика  моделинин жаңы кадамдары жана  инфляция чараларын" таанытуу жыйынына Вахдеттин сарайынан түз эфир аркылуу катышты.

1777561
Режеп Таййип Эрдоган : "Өлкөбүздүн экономикасын өстүрүү жолунда чечкиндүү бара жатабыз"

Президент Р. Т. Эрдоган : "Өлкөбүздүн экономикасын  инвестиция, жумуш менен камсыз кылуу, өндүрүш, экспорт жана учурдагы профицит менен өстүрүү жолунда чечкиндүү кадам шилтеп жатабыз», - деди. 

Президент Эрдоган казына жана каржы министрлиги тарабынан Стамбул Конгресс борборунда  өткөн "Түркия экономика  моделинин жаңы кадамдары жана  инфляция чараларын таанытуу" жыйынына Вахдеттин сарайынан түз эфир аркылуу катышты. 

Президент Эрдоган өндүрүш дөңгөлөктөрүнүн иштеп жаткандыгына көңүлдөрдү буруп : "Жумуш менен камсыз кылууда биринчи жолу 30 миллиондон аштык. Экспортубуз ай сайын рекорд жаңылап өсүүдө. Эл аралык инвесторлордун өлкөбүзгө болгон кызыгуусунда көрүнүктүү өсүү бар. Жаз менен бирге туризм жана курулуш тармактарында  баштала турган кыймылдуулуктун белгилерин азыртадан алып жатабыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар