Ибрахим Калын : "Президентибиздин Украина сапары маанилүү роль ойноду"

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын президент Р. Т. Эрдогандын 3 - февралда Украинага жасаган сапарынын Украина - Россия кризисинен чыгуу процессинде абдан маанилүү роль ойногондугун, ойноону да улантарын айтты.

1773898

Стамбулда Түркия экспортчулар ассамблеясы уюштурган бир конференцияга катышкан Ибрахим Калын : «НАТОго мүчө бир өлкө катары Россия, Кытай, Африка жана Жакынкы Чыгыш, Перс булуңу жанаЛатын Америка өлкөлөрү менен да жакшы карым – катнаш ичинде болушубуз керектигин билебиз. Саясаттарыбызды да ушуга жарашакалыптандырып жатабыз. Президентибиздин Украинага жасаган сапары кризистен чыгууда абдан маанилүү роль ойноду, ойноону да улантат»,- деген Калын : «Украина маселеси алдыдагы айларда дагы күн тартибибизде болот. Балким алдыдагы 3-5 айдын эмес, 3-5 жылдын темасы катары күн тартибибизде болот. Биз Түркиянын Батыш альянсынын мүчөсү жана НАТОнун өнөктөшү катары Россия жана Украина менен жакшы мамиле ичинде, чыңалуунун азайтылышы тууралуу өзүнө түшкөн ролду ойной тургандыгын ачыкча айттык",- деди.

Президент Эрдогандын Россия жана Украина лидерлерин жолугуштуруу менен кризистин, балким да ыктымалдуу бир согушту алдына алууда абдан маанилүү бир сунуш киргизгендигин баса белгилеген Калын : «Алдыбыздагы процессте муну жакындан иликтейбиз. Кандайдыр бир согушка, аскердик кийлигишүүгө жол бербестен бул кризистен чыгууда өз ролубузду ойноону улантабыз»,- деди.

Тектеш кабарлар