Эрдоган Зонгулдактагы массалык ачылуу аземине түз байланыш аркылуу катышты

Эрдоган элдин ылайык болгон бейкуттук деңгээлине келишине мүмкүнчүлүк түзүү үчүн эмне керек болсо аткарышарын белгиледи.

1773946
Эрдоган Зонгулдактагы массалык ачылуу аземине түз байланыш аркылуу катышты

Президент Р. Т. Эрдоган эл ылайык болгон бейкуттук деңгээлине жетиши үчүн эмне керек болсо аткарышарын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан Зонгулдактагы массалык ачылуу аземине түз байланыш аркылуу катышып сөз сүйлөдү.

Эрдоган Түркиянын демократия жана өнүгүү күрөшүндө бүгүнкү күнгө жеткен жерине токтолуп, реформалардын чоң бөлүгүнүн жана басып өткөн аралыктын акыркы 20 жылда жасалганын айтты.

Бардык тармакта ылайык болгон тейлөөгө жетиштирген Түркияны дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынын арасына киргизе турган иштерди башташкандарын баса белгилеген Эрдоган : "Ковид- 19 эпидемиясы мезгилинде баары ишин токтотсо, биздин экспортко жана өндүрүшкө дагы көп көңүл буруубуздун себеби бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу болду»,- деди.

Эконоимка тармагында чыгарган чечимдер менен эмгектенгендерге карата олуттуу жакшыртууларды ишке ашыргандарын баса белгилеген Эрдоган бардык эмгектенгендердин киреше деңгээлин сактап калууну улантышарын айтты.

Эрдоган элдин ылайык болгон бейкуттук деңгээлине келишине мүмкүнчүлүк түзүү үчүн эмне керек болсо аткарышарын белгиледи.



Тектеш кабарлар