Эрдогандын Украина сапары дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алды

Британиянын  Guardian  гезити кабарды «Эрдоган Украина менен Россиянын ортосунда арачылык кылууну сунуштады» деген баш сөз менен жарыялады.

1773714
Эрдогандын Украина  сапары дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алды

Президент Р. Т. Эрдогандын кечээки Украина сапары жана Түркиянын Россия  -  Украина кризисинде ортомчулук үчүн тараптар менен жолугушуусу дүйнөлүк басма сөздө кеңири орун алды.

Британиянын  Guardian  гезити кабарды «Эрдоган Украина менен Россиянын ортосунда арачылык кылууну сунуштады» деген баш сөз менен жарыялады.

"Telegrap" гезити да Түркиянын ачкыч  маанидеги НАТО мүчөсү экендигине көңүлдөрдү бурду жана маселени  дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылгандыгына басым жасады.

Россия менен жакшы мамилени жактаган Германияда да медиа президент Эрдогандын Киев сапарын жакындан иликтеди.

Frankfurter Allgemeine Zeitung  «Түркия Укриана менен Россиянын ортосунда бир аскердик кагылышууну алдына алгысы келет»,- деп басым жасады.

Der Tagesspiegel гезити : «Түркия эки өлкөнүн ортосундагы кризисти токтотуу үчүн өз милдетин аткарууга даяр»,- деп билдирди.  

France24 Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин  Түркиянын ортомчулук сунушун кубаттаганын жазды.

Борбору Катар болгон Al Jazeera телеканалы да Түркиянын Украина кризисинин чечилишине жардам берүүгө даяр экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар