Президент Эрдоган: « (Орус-украин чыңалуусу) Бардык тараптарды токтоолукка жана диалогго чакырабыз»

Президент Эрдоган Украинага кетер алдында Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

1772838
Президент Эрдоган: « (Орус-украин чыңалуусу) Бардык тараптарды токтоолукка жана диалогго чакырабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусия-Украина чыңалуусу тууралуу: «Кара деңизге жээктеш өлкө катары аймакка тынчтык орнотуу үчүн бардык тараптарды токтоолукка жана диалогго чакырабыз»,-деди.

Президент Эрдоган Украинага кетер алдында Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган Орусия-Украина чыңалуусу боюнча: «Биз аны кылдаттык менен байкап жатабыз. Биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдой турганыбызды ар бир платформада билдирүүдөбүз»,-деди. Эрдоган: «Кара деңизге жээктеш өлкө катары аймакка тынчтык орнотуу үчүн бардык тараптарды токтоолукка жана диалогго чакырабыз»,-деп айтты.

Эрдоган Израилдин президенти Ицхак Герцогдун Түркияга сапары марттын орто ченинде болорун айтты.

Эрдоган Греция артка кайтарган 12 баш калкалоочунун өлүмүнө байланыштуу, «Баарынан мурда 12 адамдын ал жерде тоңуп өлгөнүн көрүү макул болууга же кабыл алууга болбой турган нерсе»,деген сөздөрдү айтты.

Европа Кеңешинин Осман Каваланын чечими тууралуу айткандарына токтолгон Эрдоган: «Адам укуктары боюнча Европа сотунун айткандары, Европа Кеңешинин айткандарынан бизге эмне? Биздин ишибиз эмес. Сотторубуз сыйланышын күтөбүз»,-деди.

Эрдоган Украинанын борбор шаары Киевде Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңеште Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушат. Сапардын алкагында кызматташуу боюнча жаңы кадамдар жасалышы күтүлүүдө.

Сапардын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн арттырылышы жана Эркин соода келишимине кол коюлушу каралууда.

Жыйындын негизги күн тартиби Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун курчушу болмокчу. Эрдоган менен Зеленский Москва-Киев линиясындагы чыңалууну азайтуу үчүн эмне кылса болоруна баа беришет.

Президент Эрдоган Зеленскийге «аймакта тынчтыкты сактоо, чыңалууну күчөтпөө жана кызуу кагылышуулардан алыс болуу» боюнча билдирүү берет деп күтүлүүдө.

Эрдоган жакын арада кризистин башка тарабында турган Путинди Түркияда коноктойт жана тынчтыкты камсыз кылуу үчүн Путинге да ошол эле билдирүүлөрдү берет.



Тектеш кабарлар