Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун өкмөт катчысы ПККга карата операциялар тууралуу билдирди
Жотяр Адил Ирак Күрт аймактык башкаруусунун министрлер кеңешинин жыйынынан кийин өткөргөн пресс - жыйынында күн тартиби тууралуу маалымат берди.
Ирак Күрт аймактык башкаруусунун өкмөт катчысы Жотяр Адил Түркиянын аймактагы операцияларынын ПКК террордук уюмунун аймакта болушунан улам жүргүзүлгөндүгүн айтты.
Жотяр Адил Ирак Күрт аймактык башкаруусунун министрлер кеңешинин жыйынынан кийин өткөргөн пресс - жыйынында күн тартиби тууралуу маалымат берди.
Түркиянын аймактагы операцияларынын ПККнын бул жерде мыйзамсыз болушунан улам жүргүзүлгөндүгүн айткан Адил : "ПКК Күрдистан аймагын да өкмөтүн да бийлигин да кабыл албай жатат",- деди.
«ПКК Синжар жана Кандилде эмне кылып жатат?",- деген Адил буларды айтты : "ПКК Ирак Күрт аймактык башкаруусунун калкын кыйын абалга алып келди. Ошондуктан жүздөгөн айыл бошотулуп, эл үй - жайсыз калды".
Тектеш кабарлар
Түркия Крым татарлары жана черкес сүргүнүндө каза болгондорду эскерди
Түркиянын Крым татарларынын жана Кавказдагы боордош элдердин кайгысын тең бөлүшөрү билдирилди.