Министр Чавушоглу Мальдив аралдарынын президенти менен жолугушту

Чавушоглу Түркиянын тышкы иштер министри деңгээлинде Мальдив аралдарына алгачкы расмий сапарын жасады.

1770377
Министр Чавушоглу Мальдив аралдарынын президенти менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Шри-Ланкадагы жолугушууларынан кийин расмий сапардын алкагында Мальдив аралдарына барды.

Түркиянын тышкы иштер министри деңгээлинде Мальдив аралдарына алгачкы расмий сапарын жасаган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Мальдив аралдарынын президенти Ибрахим Мохамед Солих менен жолугушту.

Министр Чавушоглу жолугушуу тууралуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап:«Биз Мальдив аралдарынын президенти Ибрагим Мохамед Солих менен жолугуштук. Туризм, курулуш, инфраструктура жана балык чарба тармагында кызматташуубузду мындан ары да улантабыз»,-деди.

Чавушоглу мурунку билдирүүсүндө Мальдив аралдарынын тышкы иштер министри Абдулла Шахиддин коноктосунда ички иштер министри Имран Абдулла жана Ислам иштери боюнча министри Ахмед Захи менен жолугушканын айткан.



Тектеш кабарлар