Эрдоган Түркчөнүн аудио - визуалдык медиада туура колдонулушу сыйлыгын тапшыруу аземине катышты
Президент Р. Т. Эрдоган : "Түрк тилибизди коргоо, өнүктүрүү жана байытуу үчүн күрөшүбүз негизинен улуттук күрөш".
Президент Р. Т. Эрдоган : "Түрк тилибизди коргоо, өнүктүрүү жана байытуу үчүн күрөшүбүз негизинен улуттук күрөш",- деди.
Президент Эрдоган президенттик комплексинин конференция залында Юнус Эмре жылынын түркчөнүн аудио - визуалдык медиада туура колдонулушу сыйлыгын тапшыруу аземине катышты.
Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө ар бир тилдин өз ичинде эстетика менен токулган ыр экендигин айтып : "Өз тилибиз түркчөнүн башка бир сулуулук экенинде шек жок. Анткени түрк тили биздин эне тилибиз. Мурасыбыз жана эркиндигибиздин кепилдиги. Түрк тилинин ар бир сөзү биз үчүн баа жеткис бир асыл таш",- деди.
"Тилин жашата албаган бир улут акырында ишеничи менен баалуулуктарынан ажырап калышы мүмкүн.Түрк тилин жашатпастан улутубуздун келечегине ишенимдүү карай албайбыз",- деген Эрдоган : "Түрк тилибизди коргоо, өнүктүрүү жана байытуу үчүн күрөшүбүз негизинен улуттук күрөш болуп саналат",- деди.
Президент бүгүнкү күндө Адриатикадан Улуу Кытай дубалына чейин созулган кең географияда эң көп колдонулган тилдин түрк тили экенин айтты.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.