TURKOVAC Omicron вариантына каршы коргоону камсыз кылат

Түркиянын Вакцина институтунун төрагасы жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Короновирус илимий комитетинин мүчөсү, профессор Атеш Кара, Түркиянын Шанлыурфа шаарындагы TURKOVAC сериялык өндүрүшү жасалган ишканада TURKOVAC тууралуу билдирүү жасады.

1756286
TURKOVAC Omicron вариантына каршы коргоону камсыз кылат

 

Жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан ата мекендик TURKOVAC вакцинасы Omicron вариантынан да коргоону камсыздай турганы жарыяланды.

Түркиянын Вакцина институтунун төрагасы жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Короновирус илимий комитетинин мүчөсү, профессор Атеш Кара, Түркиянын Шанлыурфа шаарындагы TURKOVAC сериялык өндүрүшү жасалган ишканада TURKOVAC тууралуу билдирүү жасады.

Ковид19дун Omicron вариантынын башка варианттарга караганда эффективдүү экенин баса белгилеген Кара, TURKOVAC вакцинасынын эффективдүүлүгү боюнча изилдөөлөрдүн да кызуу уланып жатканын айтты.

Жарандардын ата мекендик вакцинага болгон кызыгуусуна канааттангандыктарын баса белгилеген Кара: «TURKOVAC вакцинасын бизде болгон маалыматтар менен салыштырганда, ал Omicron вариантына каршы коргоону камсыз кылат”,-деди.

Түркиянын эскертүү дозасын колдонууну дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө караганда эрте баштаганын белгилеген Кара, бул абалдын вирустун таасирин азайтууда маанилүү роль ойноорун белгиледи.



Тектеш кабарлар