Президент Эрдоган : "Кесилиш : Сен болгонуң үчүн кубанычтамын Эрен" аттуу тасманы көрдү

«Кесилиш; Сен болгонуң үчүн кубанычтамын  Эрен» аттуу тасманын бет ачары борбор шаар Анкарадагы Бештепе Миллет конгресс жана маданият борборунда өткөрүлдү.

1755114
Президент Эрдоган : "Кесилиш : Сен болгонуң үчүн кубанычтамын Эрен" аттуу тасманы көрдү
erdoğan1.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган Трабзондун Мачка аймагыда 2017 -  жылы 11 -  августта террористтер менен каарман Мехметчик кирген кагылышууда шейит болгон Эрен Бүлбүл жана шейит улук сержант  Ферхат Гедиктин окуясын баяндаган «Кесилиш; Сен болгонуң үчүн кубанычтамын Эрен» аттуу тасманын бет ачарына катышты.

2022 - жылдын 1 - январында Эрен Бүлбүлдүн туулган күнүндө кино көрүүчүлөр менен жолугуша турган «Кесилиш; Сен болгонуң үчүн кубанычтамын  Эрен» аттуу тасманын бет ачары борбор шаар Анкарадагы Бештепе Миллет конгресс жана маданият борборунда өткөрүлдү.

Түркия телерадио корпорациясы биргелешип даярдаган  «Кесилиш; Сен болгонуң үчүн кубанычтамын Эрен» тасмасынын бет ачарына үй  -  бүлө жана социалдык тейлөө министри Деря Янык, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары Бинали Йылдырым, президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, ТРТ башкы директору Мехмет Захид Собажы менен Анадолу агенттигнин башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Сердар Карагөз да катышты.



Тектеш кабарлар