Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат
Бир күндө 357 миң 325 тест жасалып, 19 миң 872 кишиде вирус аныкталды.
1748195
Түркиянын коронавируска (Covid-19/ Ковид-19) каршы күрөшү уланып жатат. Акыркы 24 саатта каза болгон адамдардын саны 193 деп белгиленди.
Бир күндө 357 миң 325 тест жасалып, 19 миң 872 кишиде вирус аныкталды.
Акыркы 24 саатта айыккан кишилердин саны 25 миң 239 болду.
Түркияда ушул убакка дейре биринчи, экинчи жана үчүнчү доза вакцина алгандардын саны болсо 122 миллион 40 миң 658ге жетти.