Чавушоглу Бурунди, Кот-д'Ивуар жана Зимбабвенин тышкы иштер министрлери менен жолугушту
Министр Чавушоглу жолугушууларга байланыштуу Твиттер баракчасынан жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бурундинин тышкы иштер министри элчиси Альберт Шингиро, Кот-д'Ивуар мамлекеттик, тышкы иштер, Африка интеграциясы жана диаспора министри Кандия Камара жана Зимбабвенин тышкы иштер жана эл аралык соода министри, элчи Фредерик М.М Шава менен жолугушту.
Министр Чавушоглу жолугушууларга байланыштуу Твиттер баракчасынан жазуу түрүндө билдирүү жасады.
«Үчүнчү Түркия-Африка өнөктөштүк саммитинен улам өлкөбүздө коноктогон Бурунди, Кот-д'Ивуар жана Зимбабвенин тышкы иштер министрлери менен күндү жолугушуу менен баштадык»,деген сөздөрдү жазды ал.
Биринчиси Стамбулда, экинчиси Экватордук Гвинеянын борбор шаары Малабодо өткөрүлгөн Түркия-Африка өнөктөштүк саммитинин үчүнчүсү «Бирге өнүгүү жана гүлдөп-өнүгүү үчүн күчтүү өнөктөштүк» темасы менен Стамбулда башталды.
Стамбул Конгресс борборунда өтүп жаткан жана 18-декабрга чейин улана турган саммитке Африка өлкөлөрүнөн мамлекет башчылары, министрлер жана эл аралык мекеме өкүлдөрү катышууда.
Тектеш кабарлар
Түрк аба жолдору 3 жылдан кийин Ооганстанга биринчи каттамын ишке ашырды
Түрк аба жолдорунун учагы Кабул эл аралык аэропортуна конду.