Түркия Сербия Республикасынын Субьекттик ассамблеясынын чечимине каршылыгын көрсөттү

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич жазуу түрүнрдөгү маалыматын бөлүштү.

1746163
Түркия Сербия Республикасынын Субьекттик ассамблеясынын чечимине каршылыгын көрсөттү

Түркия Босния-Герцеговинанын эки субъектинин бири болгон Сербия Республикасынын Субъекттик ассамблеясынын 10-декабрдагы кезексиз жыйынында кабыл алынган чечимдерге каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич, айтылган чечимдерге байланыштуу суроого жазуу түрүндөгү жообунда Түркиянын Балкан өлкөлөрүндө жана өзгөчө Босния-Герцеговинада тынчтыкты сактоо жана бакубаттуулукту арттыруу аракетинде ар дайым алдыңкы катарда болгонун, Сербия Республикасынын Улуттук ассамблеясында кабыл алынган чечимдерге карата Босния-Герцеговинанын бардык достору сыяктуу эле Түркиянын тынчсызданууларын тең бөлүшөөрүн белгиледи.

Субьекттик ассамблеясында кабыл алынган бул чечимдердин конституциялык жана мыйзамдык негизге, демек, Босния жана Герцеговина жарандары татыктуу болгон тынчтык жана бакубат келечекке зыяндуу экенин белгилеген Билгич: «Бул кырдаал Балкан жарым аралынын жана бүткүл Европанын тынчтыгы жана стабилдүүлүгү үчүн дагы бир сыноо болуп саналат. Биз эл аралык коомчулук менен бирге Босния-Герцеговинанын экономикалык өнүгүү жолу болгон реалдуу күн тартибине кайтып келиши үчүн мүмкүн болушунча тезирээк аракетибизди улантабыз. Ушул түшүнүү менен биз тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн иштөөнү улантабыз. Биз жыргалчылыкка зыян келтирүү жоопкерчилигин ала тургандарды конституциялык жана мыйзамдык базага баш ийүүгө жана бир тараптуу аракеттерге эмес, диалогго барууга чакырабыз. Түркия Босния-Герцеговинанын эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн күчтүү түрдө колдоого чечкиндүү»,-деп айтты.

Босния-Герцеговинанын Президенттик Кеңешинин серб мүчөсү Милорад Додиктин чакыруусу менен 10-декабрда Сербия Республикасынын субъекттик ассамблеясынын кезексиз сессиясында, Босния-Герцеговина мамлекетинин Куралдуу Күчтөрү, салык башкаруусу жана сот системасынын мекемелери сыяктуу биргелешкен мекемелеринин ыйгарым укуктарынын субьекттик мекемелерге өткөрүлүп берилишине байланыштуу мыйзам долбоору талкууланды.

Додик сессияда: «Эгерде биз башыбызга түшкөн оор кырдаалдан чыга албасак, Босния-Герцеговина ыдырап, Сербская Республикасы өлкөдөн чыгып кетиши сөзсүз болот», - деди.

Серб лидери Додиктин жетекчилигинде чогулган парламент сунушталган мыйзам долбоорлорун кабыл алган.



Тектеш кабарлар