Эрдоган: «Биз 400 жыл бою Кудсту адилеттүүлүк менен башкарган ата-бабанын урпактарыбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы Долмабахче сарайында өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдигинин (ИКУПАБ) 16-конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү.

1745750
Эрдоган: «Биз 400 жыл бою Кудсту адилеттүүлүк менен башкарган ата-бабанын урпактарыбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Чыгыш Кудстун статусу жана Месжид-и Аксанын ыйыктыгы темасында чечкиндүү түрдө сезимталдыкты сактаганын айтты.

Стамбулдагы Долмабахче сарайында өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдигинин (ИКУПАБ) 16-конференциясынын ачылышында сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, Кудс маселесинин бир ууч эр жүрөк мусулмандардын гана эмес, бүткүл ислам дүйнөсүнүн жалпы доосу экендигин айтты.

Палестинада бир тараптуу иш-аракеттердин күндөн-күнгө көбөйүп жатканын жана Газага карай адилетсиз, мыйзамсыз жана абийирсиз блокаданын уланып жатканын түшүндүргөн Эрдоган, 2-Дүйнөлүк согушта Европада жөөттөрдү кырган геноциддин акысын палестиналыктарга төлөтүүнүн адилетсиздик болоорун баса белгиледи. .

Эрдоган: «400 жыл бою Кудсту адилеттүүлүк менен башкарган ата-бабанын урпактары катары Палестинада кан, көз жаш жана зулумду көргүбүз келбейт»,-деди.

Түркиянын Чыгыш Кудстун статусу жана Месжид-и Аксанын ыйыктыгына байланыштуу сезимталдыкты чечкиндүү түрдө улантканын белгилеген Эрдоган: «(Туруктуу тынчтык жана туруктуулук) Мунун жолу 1967-жылдагы чек араларда, борбор шаары Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү, аймактык жактан интеграцияланган Палестина мамлекетин түзүү менен болот»,-деп айтты.

Алдыбыздагы мезгилде аймакта тынчтык климатынын күчөшүнүн таштала турган биргелешкен кадамдар менен аныктала турганын белгилеген Эрдоган: «Биримдик жана тилектештик ичинде кыймылдап, Палестина доосун алсырата турган ар кандай кыймылдардан алыс турушубуз керек. Палестина доосун дүйнөлүк күн тартибинде татыктуу орунга алып келүү жана адилеттүү чечим табуу үчүн аракеттерибизди улантышыбыз керек»,-деди.

Ооганстанда туруктуу тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетиши үчүн алардын да тилектери бар экенин баса белгилеген президент Эрдоган, өзгөчө азыркы оор кыштын шарттарында ооган боордошторубузга гуманитардык жардамды улантуу приоритеттүү маселе экендигин белгиледи.

Эрдоган: «Биз Ооганстан кайрадан башаламандыкка жана жаңжалга тартылбашы үчүн аракеттерибизди улантып жатабыз»,-деди.

Миграция маселеси боюнча Эрдоган, миграция жана качкындар маселесинде негизги жүктү Батыш өлкөлөрү эмес, кризистик аймактарга коңшу болгон Түркия өңдүү өлкөлөр көтөрөрүн айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Сирия кризисинде өз милдеттерин аткарбаганын белгилеген Эрдоган: «Биз 35 миллион түрдүү тектүү мусулмандар жашаган Европанын бир туугандарыбыз үчүн концлагерге айланышына жол бере албайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар