Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат
Бир күндө 21 миң 655 кишиде вирус аныкталды.
1739850
Түркиянын коронавируска (Covid-19/ Ковид-19) каршы күрөшү уланып жатат. Акыркы 24 саатта каза болгон адамдардын саны 213 деп белгиленди.
Бир күндө 350 миң 385 тест жасалып, 21 миң 655 кишиде вирус аныкталды.
Акыркы 24 саатта айыккан кишилердин саны 20 миң 7 болду.
Түркияда ушул убакка дейре биринчи, экинчи жана үчүнчү доза вакцина алгандардын саны болсо 120 миллион 114 миң 498ге жетти.