Түрксат 5Б спутниги декабрдын аягында учурулат

Министр Караисмаилоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түрксат 5Б спутнигинин долбоорлоо жана өндүрүш этаптарынын ийгиликтүү аяктаганын белгиледи.

1737875
Түрксат 5Б спутниги декабрдын аягында учурулат

Түрксат 5Б спутнигинин декабрь айынын аягында учурулушу пландалганы жарыяланды.

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түрксат 5Б спутнигинин долбоорлоо жана өндүрүш этаптарынын ийгиликтүү аяктаганын белгиледи.

Караисмаилоглу: «Учурдагы долбоордун графигине ылайык, 2021-жылдын декабрь айынын аягында Түрксат 5Б спутнигинин Space X фирмасынын АКШнын Флорида штатындагы Cape Canaveral базасынан Falcon 9 тибиндеги ракетасы менен учурулушу пландалууда»,-деди.

Спутник Түркия менен бирге бүткүл Жакынкы Чыгышты, Перс булуңун, Кызыл деңизди, Жер Ортолук деңизди, Түндүк жана Чыгыш Африканы, Нигерияны, Түштүк Африканы жана жакын коңшуларын камтыган кеңири аянтта кызмат кылат.



Тектеш кабарлар